Кард Хасан / Истиснаа
Кард Хасан / Истиснаа
«Кард Хасан / Истиснаа» өнүмү исламдык каржылоо принциптерине ылайык турак жайларды курууга, оңдоого, реконструкциялоого жана кеңейтүүгө, ошондой эле короо-жай курулуштарын каржылоого арналган.
Өнүмдүн алкагында кардарга Кард Хасан келишими боюнча пайызсыз насыя, ошондой эле курулуш же оңдоо долбоорун ишке ашыруу үчүн Истиснаа келишими боюнча сметалык эсептөөнү түзүү кызматы көрсөтүлөт. Бул кызмат турак жайды куруу, оңдоо же кеңейтүү боюнча иштердин көлөмүн жана баасын алдын ала аныктоого мүмкүндүк берет. Сметаны түзүү кызматы акы төлөнүүчү болуп саналат.
Каржылоонун суммасы — 15 000 сомдон 1 000 000 сомго чейин
Каржылоонун мөөнөтү — 36 айга чейин